• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕАЭБди санариптештирүү. Процесстер жүрүп жатат, бирок чечилбеген көйгөйлөр бар

Аналитика 0

Санариптештирүү бул ишмердүүлүк чөйрөсүндө тереңдеп бара жаткан тенденция. Бул тема дүйнөдө эң эле актуалдуу болуп саналат. Документ алмашуу, каржылык процесстер, логистика маселелери, коопсуздук бүтүндөй санариптешүүгө өтүүдө. Санарип технологиялардын өнүгүүсү менен катар жаңы тармактар жана багыттар, жумуш орундары, министрлик жана ведомстволор түзүлүүдө.

Кыргызстанда санариптештирүү бир нече жылдан берүү активдүү өнүгүп келе жатат. Бул аралыкта биринчи кезектеги бир катар маселелер жана тапшырмалар чечилип, долбоорлор ишке ашырыла баштады. Санарип тармагы пандемия жана локдаун учурунда активдүү өнүгө баштады.

Муну менен катар санариптештирүү Евразия чөлкөмүндө дагы маанилүү маселе болуп саналат. Ага ылайык, ЕАЭБдин алкагында санариптик процесстерди ар тараптуу өнүктүрүү жүрүп жатат, мыйзамдар иштелип чыгып, биргелешкен долбоорлор ишке киргизилүүдө.

ЕАЭБдин алкагында санариптик долбоорлор Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумунда активдүү талкууланды. “ЕАЭБдин санарип күн тартиби 2.0” панелдик талкуусу санариптештирүү маселесине арналып, анын жүрүшүндө 3 сессия – “ЕАЭБти санариптик өнүктүрүү натыйжалуу интеграциянын ачкычы катары”, “Электрондук коммерция: ЕАЭБ бирдиктүү рынок инфраструктурасынын негизи”, “Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун коомдук кабылдамасы” өттү.

Сессиялардын жүрүшүндө катышуучулар аймак үчүн эң эле актуалдуу болгон темаларды козгошуп, анын ичинде санариптик коммерцияны, базарларды, ЕАЭБдин жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринин өзүнчө укуктук маселелерин активдүү талкуулашты. Мындан тышкары, эксперттер санариптештирүү биримдиктин түзүлүшүндөгү маанилүү процесс экенин белгилешти.

Евразия экономикалык комиссиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык байланыш технологиялары боюнча коллегиянын мүчөсу Варос Симонян санарип күн тартиби интеграция үчүн маанилүү куралдардын бири экенин белгиледи.

“Негизги артыкчылыктар аныкталган багыттар – санариптик соода, санариптик транспорт коридорлор, маалымат жүгүртүү жана башкалар. Санариптик күн тартиби түзүлгөндөн тартып чектөөсүз иш табуу, экосистемдик улуттук сервиси сыяктуу долбоорлор ишке кирди. Бүгүнкү күндө негизги факторлордун жана артыкчылыктардын бири биримдиктин бардык катышуучуларын тармакка бириктирүү болуп саналат. Азыр өлкөлөр үчүн санариптик платформа концепциясын талкуулоо процесси башталды. Мындан тышкары, биз улуттук санарип эгемендигибизди унутпашыбыз керек”, - деди ал.

Коллегиянын мүчөсү мындан аркы санариптештирүү экономиканын түрдүү тармактарынын өсүшүнүн негизги фактору экенин жана санариптештирүү көп жылдар бою интеграцияга киргизилгенин кошумчалады.

Жаңычылыктарга байланыштуу Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова санариптештирүү жаатында болуп жаткан процесстерге карабай, санариптик эгемендик жана киберкоопсуздук жөнүндө унутпашыбыз керек деп белгиледи. Шаршенова белгилегендей, санариптик эгемендик ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда дагы күн тартибинин борборуна айланып бараткандыгын белгилеп, биримдиктин алкагында аймактык деңгээлдеги чараларды иштеп чыгып, интеграциялык процессте активдүү иш алып баруунун зарылдыгын билдирди.

“ЕАЭБ алкагында аймактык деңгээлде интеграциялык процессте активдүү иш алып баруу зарыл. Санариптик суверенитетти камсыздоо интеграциялык системанын деңгээлинде гана мүмкүн. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 процесс интеграцияланган, бирок 34 процессти интеграциялоо милдети коюлган. Биз катышуучу өлкөлөр катары инфраструктуралык системанын эгемендүүлүгүн жөнгө салууда бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Бардык мүмкүн болгон жагдайларды чечүү үчүн улуттук IT-компанияларды тартуу зарыл”, - дейт Шаршенова.

Министрдин орун басары улуттук деңгээлде кызыкчылыктарды коргоо менен аймактык деңгээлде маалымат алмашууну камсыздоо ортосунда тең салмактуулукту табуу керектигин кошумчалады.

“Киберкоопсуздуктун айрым пункттарын көз жаздымда калтырбоо керек. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен аймактык деңгээлде киберкоопсуздукка чоң маани берүү зарыл. Санариптик эгемендик жана киберкоопсуздук маселеси азыр өтө актуалдуу”, - деди ал.

Евразия өнүктүрүү банкынын санарип демилгелер фонду дирекциясынын директору Виктор Гриндев 2020-жылы санариптик өнүгүүдө өлкөлөргө жардам көрсөтүү үчүн санарип демилгелер фонду түзүлгөнүн белгиледи.

“Биз долбоорлордун 3 түрүн аныктайбыз – маалыматташтыруу боюнча долбоорлор, санарип инфраструктуларды калыптандыруу жана санариптик трансформация. Үчүнчү бөлүмгө көбүрөөк көңүл бурабыз. Мындагы кыйынчылык бизде ыкма жана так кадамдардын жоктугуна такалат. Долбоорлоо жана баалоого байланыштуу конструкция жок. Өзгөчө элемент – эски чечимдер, биз буга дайыма дуушар болобуз, бирок алар жардам бербейт, тескерисинче басаңдатат.

Долбоорду ишке берүүдө иштер түрдүү деңгээлде жүргүзүлөт. Азыр биздин фонд бир канча багыт боюнча долбоорлорду ишке ашырууда. Биз “COVID-19суз саякат” мобилдик тиркемесин баштап, ошону менен адамдар ары-бери каттай башташты. Татаал конструкция иштелип чыккан, анда маалыматтар санариптик эгемендүүлүктү сактоодо маалыматтарды берүүсүз мамлекеттик юрисдикцияда калган”, - деди Гриднев.

Ал азыркы учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесине көмөктөшө турган бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалады. Долбоорлордо биримдикке кирген өлкөлөрдүн кызыкчылыгы жана санариптик коопсуздугу эске алынат. "Долбоорлордун топтому ар кандай булактардан – мамлекеттерден, бизнестен, дүйнөлүк тенденциядан келип чыгат. Азыр кайсы бир глобалдуу долбоор болбосун санариптик компонент бар", - деди ал.

Мындан тышкары, адис фонд ар кандай диалогго ачык экенин белгиледи.

Санариптик соодага өзгөчө көңүл бурулду. Ал пандемия учурунда активдүү өнүгө баштады, ал эми көрсөткүчтөр тездик менен өстү. Азыркы абал жана геосаясий кырдаалды эске алганда, санарип соода маселеси алдыңкы планга чыкты. Ошондой болсо дагы ар бир өлкөнүн мыйзамдары, кош салык салуу, чек ара соодасын экинчи планга чыгаруу сыяктуу көйгөйлүү учурлар бар экенин түшүнүү керек.

Евразия экономикалык комиссиянын соода боюнча коллегиянын мүчөсү Андрей Степневдин айтымында, ЕАЭБде онлайн соода жакында Европа өлкөлөрүнүн деңгээлине жакындайт. Буга көптөгөн факторлор себеп болду, анын ичинде пандемия жарым-жартылай жардам берди. Адис тармактын келечеги кең экенин белгиледи.

“Бүгүн биз электрондук соода үчүн жаңы чакырыкты көрүп жатабыз. Бул логистикадагы, эсеп-кысап жагынан көйгөйлөргө байланыштуу. Биз жүк үчүн 1 миң еврого чейин убактылуу бажы төлөмсүз чечим кабыл алдык. Бул абалды жарым-жартылай жеңилдетет, бирок бул көрүнүштү түп-тамырынан бери өзгөртөт деп ойлобойм. Биз абалды оңдоого аракет кылып жатабыз. Тышкы трафиктин төрт эсе төмөндөшүнүн фонунда биз онлайн сооданын олуттуу өсүшүн көрүп жатабыз”, - деди Слепнев.

Ал биримдиктин ичинде жалпы рынокту түзүу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн кошумчалады. Бирок бул жерде өзунун көйгөйлөрү дагы пайда болот. Ар бир өлкөнүн өзүнчө мыйзамдары бар экенин эске алганда бул белгилүү бир тоскоолдуктарды жаратат.

“Ozon`дун” башкаруучу директору Сергей Беляков мүмкунчулүктөр болгон жерде чакырыктар дагы болорун белгиледи. Анын айтымында, электрондук сооданын салттуу соодадан айырмасы чоң. e-commerce бардык керектөөлөрдү канааттандырат. Электродук коммерция канчалык ынгайлуу болсо, жумушчу бизнес модели түрүндөгү колдоо чаралары ошончолук натыйжалуу.

“Электрондук коммерциянын өзгөчөлүгү жөнгө салуунун жоктугунан пайдаланып корпорациялар тез секирик жасап жаткандыгында. Бирок кийинчерээк тобокелдиктер пайда болуп, жөнгө салуучу фактыдан кийин жөнгө салууну киргизүүгө аргасыз болгон. Жөнгө салуучунун пайда болбой коюшу мүмкүн эмес. Бул бардыгы үчүн жаман. Тобокелдиктер ишке ашат. Жөнгө салуу темасын талкуулоодо, бул зарылбы же жокпу деп эмес, кандай жөнгө салуу болушу керек деп суроо керек”, - деп бөлүштү Беляков.

Ошондой эле ал Россияда жөнгө салуучу чөйрө батыштык атаандаштарды басып өтө ала турган болсо дагы компанияларды кармап калышканын кошумчалады. Бул абалдан кантип чыгуу керектиги чоң суроо. Көйгөйлөрдүн бири кош салык салуу бойдон калууда. Ушул көйгөйдү чечүү керек. Бул ар бир өлкөнүн улуттук ички жөнгө салуучуларынын милдети.

Мындан тышкары, Беляков белгилегендей, маселени чечүү жолдору изделип жатат, бизнестен сунуштар бар, бирок көйгөй азырынча чечиле элек. Кош салык салуу экономикалык конструкцияны олуттуу өзгөртөт жана аны натыйжасыз кылат. Көйгөйдүн экинчи бөлүгү дагы жөнгө салууга тиешелүү жана жөнгө салуунун шарттарын кантип туура унификациялоо керек экендигинде.

“Эгерде бул көйгөйлөр чечилсе, бул электрондук коммерциянын өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет, анткени анын өнүгүүсү өлкөлөрдүн экономикасында керектөөнүн жана өндүрүштүн кескин өсүшүн билдирет”, - деди Беляков.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий