• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов Чүй облустук мектеп-гимназиясына барды

Өкмөт 0

Бишкек, 06.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук гимназия мектебине текшерүү үчүн барды.

Класстарды карап чыгып, мектеп окуучуларынын жашоо шарты менен таанышып, мугалимдер менен мектептеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Баарлашуунун жүрүшүндө мектептин учурдагы ишмердүүлүгү, окуу планы, окуу жайдын муктаждыктары жана өнүгүү келечеги тууралуу маселелер көтөрүлдү.

«Учурда жаңы мектептерди куруу жана билим берүү мекемелерин оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бирок бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин көрсөтмөсү менен биз окуу процессинин мазмунуна, окуу пландарына жана окуу куралдарына чоң көңүл буруп жатабыз. Жаңы мектептердин курулушу улантылат. Бирок президент Садыр Жапаров тапшыргандай, ушул кылымдын ортосунда балдарыбыз дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн сапаттуу билим берүүгө бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек», - деди ал.

Учурда Чүй облустук мектеп-гимназиясында 150гө жакын бала билим алууда. Мектепте көп балалуу, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ата-энеси чет өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн балдар билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий