• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов: Жаңыланган Ботаникалык бак борбордун көркүнө айланат

Өкмөт 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КРнын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багына барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов лабораторияларды, күнөсканаларды, бакчаларды кыдырып чыгып, аймакты мындан ары өнүктүрүү боюнча долбоорду иштеп чыгууну тапшырды. Учурда биздин аймакка тиешелүү уникалдуу өсүмдүктөр өскөн Ботаникалык бак кейиштүү абалда турат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, М.Горький жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан анын аймагы шаардыктар жана борборубуздун меймандары үчүн табияттан ыракат алып, жаратылышка суктануучу жайга айланат.

«Маселе бакчаны мындан ары өнүктүрүү жана аны сактоо зарылчылыгында турат. Ботаникалык бактын илимий ишмердүүлүгү колдонмо мүнөздө болуп, борбордун гана эмес, бүтүндөй өлкөнү жашылдандыруу процессине салым кошуусу маанилүү. Шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалга, «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы бул жоогазындарды дээрлик Голландиядан сатып алат. Алардын мекени Ала-Тоо болуп саналат. Албетте, биз борбор шаарды бир заматта жоогазын гүлдөрү менен толук камсыздай албайбыз, бирок бул процессти баштасак болот. Менеджердик идеялар керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү керек. Биз адам ресурстары менен камсыздоого жардам беребиз», - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кошумчалагандай, Ботаникалык бакты Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

«Бул суроо талаш жаратып келет. Кандай болгон күндө да иштин башка түрү үчүн кайра профилдештирүү укугусуз Ботаникалык бактын толук кандуу илимий мекеме катары статусу сакталып калат. Бак камкордукка муктаж, илимий кызматкерлер бакчаны тазалоо менен алектенбеши керек. Алардын милдети башка», - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Белгилей кетсек, Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген жана аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бакчалардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий