• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Акылбек Жапаров Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасын кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.06.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневскийди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатында мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров белгилегендей, Кыргызстан эл аралык милдеттенмелердин жана улуттук стратегиялык документтердин негизинде, анын ичинде министрлер кабинетинин Баңгизатка каршы күрөшүү программасынын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын алкагында баңгизаттарды көзөмөлдөө жаатында тең салмактуу иш алып барат.

Өз кезегинде, Чыгыш жана Борбордук Европа, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери боюнча баңгизат саясаты комиссиянын төрагасы Александр Квасьневский, Кыргыз Республикасы мыйзамсыз баңгизаттарына суроо-талапты азайтуу, аларды мыйзамсыз жеткирүү жана зыянды азайтуу боюнча жетишээрлик натыйжалуу иштеп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар “өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну арттыруу” боюнча макулдашууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий