• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер - президент

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлүлөргө электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү боюнча өзүнүн Facebookтагы баракчасына пост жазды.

"Урматтуу Кыргызстандыктар.

Бизде өлкө боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, жөлөк пул алып жашаган 110 518 үй бүлө бар.

Балким, мындан да көп болушу мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен энергетика министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир жолу тактап чыгуу боюнча тапшырма берилди. Өкмөт тараптан аларга 1-январдан баштап, светтин баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз. Бул кадам аларга өкмөт тарабынан социалдык жактан жардам берүү болуп саналат. Азыр эми эл арасында сөз болуп жатат: «Алардын арасына колунда бар байлар деле кирип алышат, коррупция болот»,- деген сыяктуу.

Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер. Ал эми катталып алгандардын арасында бай адамдар болсо канча электроэнергия колдонсоң, ошону миңдеген эселеп мамлекетке кайтарып бересиңер. Бул жагын көзөмөлдөгөнгө мамлекеттин күчү жетет. Ар бир үй каттоого алынып, ММКларга жарыяланат. Даректер жарыяланганда кимдин үйү экени кошуналары аркылуу эле ачыкка чыгып калат. Ушинтип тез эле ирээтке келтиребиз. Эч кам санабагыла", - деп жазган мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий