• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Екатеринбургда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата поэзия кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. 30-августта Россиянын Екатеринбург шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чараны Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу "Кайрыктар казынасы" коомдук бирикмесинин жана Свердлов облусундагы кыргызстандык Аксакалдар кеӊешинин колдоосу менен уюштурду. Иш-чара Кыргызтандын Эгемендүүлүк күнүнө арналды.

Кечеде Уралдын борборунда жашап жана эмгектенген кыргызстандыктар, поэзияны, прозаны сүйүүчүлөр, жаш таланттар автордук ырларын жана куттуктоолорун окуп беришти. Ырлар мекенге, туулган жерге, эне тилге, Кыргызстандын элине, жаратылышынын кооздугуна, ошондой эле чет жерде жашаган мекендештер жөнүндө баяндалды.

Жолугушуунун катышуучулары, жаштарды патриоттук духта тарбиялоо боюнча маселелерди талкуулашты.

Кечеде жакында жарык көргөн "Москва кайрыктары-7" аттуу кыргызстандык мекендештерибиздин ырлар жыйнагын поэзия сүйүүчү, мекендешибиз Динара Асанова тартуулады.

Башкы консул Руслан Бийбосунов жолугушуунун катышуучуларын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий