• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейин КРнын эгемендик алган күнүнө карата ачуу пландалууда

Маданият 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Тарых музейин Эгемендик күнүнө карата ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган маданий мекемени ачуу боюнча даярдык иштер жүрүп жатат. “Азырынча так датаны айтыш кыйын, бирок КРнын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата ачууну пландап жатабыз”,-деди министр.

Эскерте кетсек, Тарых музейи 2016-жылы реконструкцияга жабылган. Оңдоо 2018-жылы бүткөн. Бирок, Башкы прокуратура иштерди аткарууда коррупция жана бааларды кымбаттатуу фактысы боюнча иш козгогон. Бул кылмыш иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаков дагы кармалган. Программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн Кыргызстан немец компаниясына 200 миң евродон ашык карыз болуп, музейдин ачылышы ошондон бери жылдырылып жатканы маалымдалды.

Пикир

Оставить комментарий