• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте БА режиссер айымдарынын мыкты тасмалары көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 22.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте 22-23-декабрда Кыргызстандын режиссер айымдарынын II Кино форуму өтөт. Форумдун программасы жана максаты тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында анын уюштуруучулары билдиришти.

“Азиянын чыгармачыл айымдары” коомдук фондунун директору Асель Жураева белгилегендей, форумдун башкы максаттарынын бири Кыргызстандын режиссер айымдарынын кесипкөйлүк деңгээлин көрсөтүү, ошону менен бирге кыргыз киносунун деңгээлин эл аралык даражага көтөрүү болуп саналат.

“Өткөн жылы биз биринчи форумду 17-декабрда өткөргөнбүз, быйыл эки күн: 22-декабрда форумдун катышуучуларынын тегерек үстөлү өтүп, анда чыгармачыл инсандар жана искусство ишмерлери катышат, ал эми 23-декабрда тасмалар көрсөтүлөт”, - деп билдирди Жураева.

Пикир

Оставить комментарий