• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Дарак ыры» мусулман киносунун фестивалында Гран-при утуп алды

Маданият 0

Бишкек. 01.05.19 /Кабар/. Режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы Казан шаарында өткөн мусулман киносунун эл аралык фестивалында Гран-при утуп алды. Бул тууралуу фестивалды расмий сайты кабарлады.

Жеңүүчүгө статуэтка жана 1 млн рублга сертификат ыйгарылды.

"Дарак ыры" – сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый кыргыз мюзикл жана дастан.

Тасманын бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Буга чейин бир катар эл аралык кинофестивалында көрсөтүлүп, башкы сыйлыктарга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий