• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй камералык оркестри 29-концерттик сезонун чыгармачылык гастрол менен ачты

Маданият 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Чүй камералык оркестри 29-концерттик сезонун Нарында чыгармачылык гастрол менен ачты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын облусуна чыгармачылык гастроль менен барган Чүй камералык оркестри алгач Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драм театрында, андан соң Кара-Суу айылындагы К.Абдылдаев атындагы маданият үйүндө жана Кочкор районунун маданият үйүндө концерт тартуулашты.

Концерттик программада ХVII кылымдагы дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларынан баштап, бүгүнкү күндөгү композиторлордун жана КРнын эмгек сиңирген артисти Кадыралы Артыковдун «Кыялдануу» жана Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» чыгармалары оркестрдин коштоосунда көрүүчүлөргө тартууланды.

Чүй камералык оркестри кийинки гастролдук сапарын Чүй облусунда улантат.

Чыгармачыл топ 27-октябрда саат 17:00дө — Кара Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө, 29-октябрда саат 13:00дө – Сокулук районунун Шалта айылынын маданият үйүндө, 31-октябрда саат 17:00дө — Беловодск шаарынын маданият үйүндө, 1-ноябрда саат 17:00дө – Аламүдүн районунун Ленин айылындагы маданият үйүндө гастролдо болушмакчы.

Пикир

Оставить комментарий