• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги парктарда инвентаризациялоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Бишкектеги Фучик, Жеңиш атындагы парктарда, «Молодежный» паркында жана башка парктарда инвентаризациялоо иштери аяктады, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, төрт айдын ичинде парктардын аймагында өскөн 28 миңге жакын өсүмдүк инвентаризациялоодон өттү, ошондой эле борбор калаанын райондору боюнча жашыл өсүмдүктөрдү инвентаризациялоо боюнча жаңыдан башталган 5 миң өсүмдүк катталды.

Эми жашыл мейкиндиктерде өзгөчө «медициналык карталар» болот. Аларда ар бир райондун мастерлери жана агрономдору тигил же бул дарактардын саны, геолокациясы, түрлөрү, сугарылышы жана абалы жөнүндө маалыматтарды киргизишет.

Программанын аркасында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жашыл фондду багуу жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттардын суммасын алдын ала эсептей алышат.

Эскерте кетсек, электрондук инвентаризациялоо программасы шаардык мэриянын жана «Арча» коомдук фондунун демилгеси менен пайда болгон. Аны ишке ашыруу 2021-жылдын сентябрында башталган.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын маалыматтары боюнча, инвентаризациялоо жумуш процесстерин автоматташтырууга, алынган маалыматтарды жашылдандыруу, бак-дарактарды калыбына келтирүү программаларын иштеп чыгууда пайдаланууга, алардын абалына мониторинг жүргүзүүгө жана башкаларга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий