• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда адвокаттык лицензия 4 миң 551 жаранга берилген

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2021-жылдын 30-сентябрына карата Адвокаттардын мамлекеттик реестринде 4 миң 551 лицензия катталган жана берилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча Квалификациялык комиссия тарабынан 2021-жылы 8 отурум өткөрүлдү, анда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга 317 талапкердин арызы каралган:

· 285 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берилди;

· 32 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга киргизүүдөн баш тартылды;

· 92 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышты;

· 140 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган жок;

· 21 талапкер квалификациялык экзамен тапшырууга келген эмес.

2021-жылы Адвокаттык иштин маселелери боюнча Юстиция министрлигинин төмөнкү буйруктары чыгарылды:

· 52 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө;

· 38 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун жандандыруу жөнүндө;

· 11 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын дубликатын берүү жөнүндө;

· 1 лицензиянын аракетин токтотуу жөнүндө.

Ал эми 4 миң 551 берилген лицензиянын ичинен:

· 3541 иштеп жаткан лицензиялары бар адвокаттар;

· 64 лицензия жокко чыгарылды;

· 53 адвокат адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясынан ажыратылган;

· 79 адвокаттык иш жүргүзүү лицензиясы токтотулган;

· 548 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы токтото турулган;

· 2 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия чакыртылып алынган;

· 190 адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиянын бланкасы бузулган.

Пикир

Оставить комментарий