• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пара Азия оюндары: Жалалидин Абдувалиев экинчи ирет күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында экинчи ирет күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

Спортчу пара жеңил атлетика боюнча катышып жатат. 1500 м аралыкты коштоочусу Артем Шапилов менен 4 мүнөт 30 секунд убакытта чуркап өтүшкөн.

Белгилей кетсек, Жалалидин Абдувалиев буга чейин 5000 м аралыкты 17 мүнөт 15 секунд убакытта чуркап өтүп, 2-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий