• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун жаш футболчулары Өзбекстанда өткөн мелдеште экинчи орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Оштун жаш футболчулары эл аралык мелдеште экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Бухара шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын футбол командалары катышты.

"Мелдешке Ош шаарынан 2005-2006-жылкы жана 2007-2008-жылы туулган оюнчулардан курама эки футболдук команда Кыргызстандын намысын коргоду. Жыйынтыгында 2005-2006-жылкы өспүрүмдөр командасы финалда Өзбекстандын "Пахтакор" командасына пенальтилер сериясында утулуп, экинчи орунду багындырышты. Ал эми 2007-2008-жылкы туулган футболчулар үчүнчү орунду ээлешти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий