• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык Темир Муса уулу волейбол боюнча Тайланддын лигасында ийгилик жаратууда

Спорт 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын курамасында ойногон Темир Муса уулу Тайланддын лигасында ойноодо. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.

Тайландда волейбол лигасынын жаңы сезону 18-январда старт алган. Лиганын биринчи турунда кыргызстандык спортчу ойногон "Эйр Форс" командасы "Asia GS Samutsakorn" клубун 3:0 эсебинде жеңип алды.

Ал эми 22-январда лиганын экинчи турунда "Эйр Форс" Тайланддын учурдагы чемпиону "Diamond Food Saraburi" командасы менен беттешип, 1:3 эсебинде утулуп калган.

Лиганын 3-туру 25-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий