• 88.68
  • 95
  • 0.95

АФК Кубогунун тайпалык этабы: Эртең «Абдыш-Ата» клубу «Равшан» менен кез келет

Спорт 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. АФК Кубогунун тайпалык этабынын үчүнчү турунун алкагында ата-мекендик «Абдыш-Ата» клубу «Равшан» менен оюнда кез келет.

Беттеш эртең, 26-октябрда Тажикстандын Гиссар шаарындагы «Варзишгохи Маркази» стадионунда өтөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Оюн УТРК Спорт каналында туз эфирде жеткиликтүү болот.

Эске салсак, 2-турдан кийин «Абдыш-Ата» 4 упай менен «Е» тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында туруп, андан кийин 2 упайлар менен «Равшан» (Тажикстан) жана «Мерв» (Түркмөнстан), 1 упай менен «Алтын Асыр» (Түркмөнстан) орун алышты.

Тайпа ичиндеги «Мерв» «Алтын-Асыр» ортусундагы оюн да эртең Бишкек боюнча саат 20:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий