• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы туруктуу — Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта дүйнөлүк мунай жана мунай продуктулары рыногу учурда баанын өсүшү менен мүнөздөлүп жаткандыгы айтылат.

Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майлар биржалык товар болуп саналат, ошондуктан баалар түздөн-түз биржалык котировкалардан жана россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордогу баалардан көз каранды, Кыргыз Республикасына күйүүчү-майлоочу майлар негизинен Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан (Омск, Орск, Ангарск, Башнефть), анткени Кыргыз Республикасы ушул рынокто импортко көз каранды бойдон калууда, ал эми баалар тышкы факторлорго көз каранды.

Индикативдик баланстын алкагында Россия Федерациясы күйүүчү-майлоочу материалдарды алымсыз ташып келүү көлөмүн өткөн жылдын деңгээлине чейин көбөйттү. Кыргыз Республикасынын мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1,4 миллион тоннаны түзөт. Орточо суткалык керектөө: бензин – 1781 тонна, дизель майы 1507 тонна (бардыгы 3288 тонна).

Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордун баасына жараша болот. Бирок алар Россияда дүң жана чекене баалар менен түздөн-түз байланыштуу эмес. Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы баалар субъекттер тарабынан өз алдынча, рыноктук конъюнктуранын негизинде түзүлөт, б.а. суроо-талап жана сунуш, мамлекеттик жөнгө салуу жок.

КР Экономика жанакоммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында күйүүчү-майлоочу майларга (Аи-92 жана дизель майы) баалар ) туруктуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий