• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында күмүш медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. КРнын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү Жалалидин Абдувалиев Пара Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндар Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жатат.

Спортчу Жалалидин Абдувалиев 5 миң м аралыкты 17 мүнөт 18 секунд убакытта чуркап өткөн.

Белгилей кетсек, 20-30-октябрь күндөрү Кытайдын Ханчжоу шаарында Пара Азия оюндары өтүп жатат. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 27 спортчу катышууда. Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий