• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 17 объектиде тротуарларды капиталдык оңдоо иштери аяктады. Тизме

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бишкекте 17 объектиде тротуарларды капиталдык оңдоо иштери аяктады, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алардын узундугу 16 852 п. м. жана 6 объектиде 12 000 п. м. иштер жүрүүдө.

Тротуарларды оңдоо иштери төмөнкү участоктордо аяктады:

  • Жибек-Жолу проспекти боюнча Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Садырбаев көчөсү Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;
  • Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
  • Чүй проспекти Павлов көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин (экинчи тарабы);
  • Чүй проспекти 311-үйдөн Фучик көчөсүнө чейин;
  • Фучик көчөсү оорукананын негизги кире беришинен Москва көчөсүнө чейин;
  • Фучик көчөсү Чүй проспектисинен Москва көчөсүнө чейин;
  • Өмүр көчөсү Ашар көчөсүнөн Б. Алыкулов көчөсүнө чейин;
  • Токтогул көчөсү Калык Акиев көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейин;
  • Чүй проспекти Осмонкул көчөсүнөн Гоголь көчөсүнө чейин;
  • Чүй проспекти Курманжан Датка көчөсүнөн Т. Айтматов көчөсүнө чейин (түндүк тарабы);
  • М. Ганди көчөсү Жибек- Жолу проспектисинен Саадаев көчөсүнө чейин;
  • Фучик көчөсү Рыскулов көчөсүнөн "Газпром" кеңсесине чейин;
  • Ахунбаев көчөсү Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин;
  • Сухэ-Батор көчөсү Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейин;
  • Байтик баатыр көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
  • Байтик баатыр көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, кошумча титулдук тизме боюнча учурда 17 объектиде жалпы узундугу 10 441, 00 п. м. иштер жүргүзүлүүдө.

"Алтын аянттагы" тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча кошумча титулдук тизмеге ылайык, 6 объектте иштер аяктады, алардын узундугу 29 438 м2.

  • Л. Толстой көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейин (түштүк тарабы);
  • Бөкөнбаев көчөсү Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин (түштүк тарап);
  • Чүй проспекти боюнча Манас проспектисинен Жаш Гвардия бульварына чейин (эки тарап);
  • Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин;
  • Т. Молдо көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин (эки тарап);
  • Медеров көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Ж.Пудовкин көчөсүнө чейин (түндүк тарабы).

Бишкек мэриясынан кошумчалашкандай, 2023-жылга карата "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын титулдук тизме боюнча борбор калаанын 4 районунда 30 км ашык тротуарды капиталдык оңдоо каралган.

Титулдук тизме боюнча 22 объект, ал эми кошумча титулдук тизме боюнча 21 объектте курулуш иштери пландалган.

Пикир

Оставить комментарий