• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки адамдын өмүрүн алган мечиттеги өрт толугу менен өчүрүлдү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Араван районундагы мечиттен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылындагы мечиттен чыккан өрт саат 9:28дер чамасында толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда тилсиз жообдон эки адам каза болгон.

Алар: 1982-жылы туулган О.Г. аттуу аял киши жана 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала. Каза болгон жарандарды туугандарына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий