• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Экономика министри пандемия маалында министрлик тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов коронавирус пандемиясына байланыштуу Экономика министрлиги тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Ал белгилегендей, өкмөттүн 3-февралдагы токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагынан дары-дармек каражатарынын аныкталган түрлөрүн жана медициналык буюмдары ташып чыгаруга убактылуу тыюу салынган.

COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирилген терс таасирди азайтуу боюнча төмөнкү чаралар бекитилген:

- 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке жактар жана жеке ишкерлер тарабынан бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу;
- салык карызынын суммасы боюнча мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө;
- 2021-жылдын 1-январына чейин салык текшерүүлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынган;
- 2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларды банкроттук процедураларын жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган.

Ишкердик субьекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14 млрд сом өлчөмүндө кризиске каршы фонд түзүлгөн.

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн импорттолуучу товарларды ташып кирүү бажы алымдарынан бошотуу чечимин кабыл алган: ал жеке коргоочу каражаттарына, дезинфекция каражаттарына, диагностикалык реагенттерге, медициналык жабдуулардын жана материалдардын айрым түрлөрүнө тиешелүү.

Ошондой эле ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыктарга жол бербөө максатында, ЕЭК Коллегиясынын чечими менен ЕАЭБ аймагынан азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга тыюу салынган.

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактурасынын маалыматтык системасы киргизилди. Ошондой эле 1-июлдан тартып май куюучу станцияны башкаруунун автоматташтырылган системасы жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын колдонуу боюнча милдеттенмелер киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий