• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика жана коммерция министри эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Кечээ, 13-октябрда КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев жаңы министр Данияр Амангелдиевди министрликтин жалпы жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Азиз Аалиев белгилегендей, тиешелүү жарлыкка КР президенти Садыр Жапаров кол койгон.

“Данияр Амангелдиев мурдагы кызматы боюнча жамааттын көпчүлүгү тааныйт. Ал тажрыйбалуу, өлкөнүн көптөгөн мамлекеттик экономикалык ведомстволорунда иштеген, Токмок шаарынын мэри болуп, жарандардын ишенимине ээ болгон. Ал ошондой эле министрликтин жетекчилигинин алдында турган чоң милдеттерди, анын ичинде туруктуу экономикалык өсүш программасын иштеп чыгууну белгиледи”, - деди Аалиев.

Өз кезегинде Д.Амангелдиев ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Акылбек Жапаров башында турган жетекчилик тарабынан көрсөтүлгөн ишенимди жоопкерчилик менен сезип жатканын белгиледи. Ошондой эле ал мурдагы жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп келген экономикалык системаны модернизациялоо боюнча иштер улантыларын айтты.

Пикир

Оставить комментарий