• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элдик курултайдын резолюциясы толукталып, жакында жарыяланат — Кошалиев

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Элдик курултайдын резолюциясы толукталып, жарыяланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, кандай гана жыйын болбосун алдын ала жыйынтык документтин өзөгү редакциялык топ тарабынан даярдалат.

“Жыйын учурунда өтө маанилүү ойлор айтылса, анда документ толукталат. Тажрыйба ошондой. Курултайдын жүрүшүндө кандай гана сунуштар айтылды. Алсак, улуттук баалуулуктар, билим берүү, тил, саясий-экономикалык жана чек ара маселеси көтөрүлдү. Андыктан сунуштар эске алынып, редакциялык топ азыркы күнгө чейин иштеп жатат. Буйруса, бүгүн-эртең резолюция толукталып, жалпы коомчулукка жарыяланат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий