• 88.68
  • 95
  • 0.95

Италияда Кыргызстандын суу ресурстарынын потенциалы тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев италиялык “Aqua e Terme di Fiuggi S.p.A” минералдык ичүүчү суу чыгаруучу компаниясынын башкы директору Марко Камплоне менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Таалай Базарбаев Кыргызстандын суу ресурстарынын олуттуу потенциалы тууралуу маалымат берди. Бөтөлкөдөгү сууга дүйнөлүк суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен Кыргызстандагы келечектүү инвестициялык долбоорлорду сунуштады.

Ошондой эле элчи кыргыз тараптын италиялык компания менен инновациялык технологияларды, жабдууларды тартуу жана мыкты өндүрүштүк тажрыйба алмашуу аркылуу кызматташууну түзүүгө даярдыгын билдирди.

Марко Камплоне кыргыз тараптын сунуштарын, анын ичинде италиялык компаниянын өндүрүшүндөгү акыркы технологиялар менен таанышуу үчүн Кыргызстандын адистерин чакырууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: «Aqua e Terme di Fiuggi S.p.A» италиялык компаниясы Италиядагы минералдык ичүүчү суунун алдыңкы өндүрүүчүлөрүнүн бири. Суу булагы Апеннин тоолорунун этегиндеги вулкандык аймакта жайгашкан, өзүнүн тазалоочу жана дарылык касиеттери, ошондой эле 1549-жылы көрүнүктүү сүрөтчү Микеланджело Буонарроти айткан микроэлементтери менен белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий