• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун сотторуна Конституциялык палатанын ишмердиги тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Конституциялык палата “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте 28-29-апрелде Бишкектин жана Чүй облусунун жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн конституционализм мектебин өткөрүштү. Бул тууралуу КП басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бул мектептин максаты катышуучулардын Конституциялык палатанын ишмердиги тууралуу билимдерин жогорулатуу, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо тутумунда мындай органдын маанилүүлүгүн түшүндүрүү, ошондой эле, КПга кайрылуу тартибин үйрөтүү болуп саналат.

Конституциялык палата жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, КПга кайрылуунун субъекттеринин бири КР соту (судья) болуп саналат. Ар кандай соттук инстанциядагы ишти кароодо соттун чечими көз каранды болгон конституциялык мыйзамдуулук же башка ченемдик укуктук актылар боюнча маселе жаралса, сот КПга кайрылат.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында Коснтитуциялык палатанын судьясы жана анын аппаратынын кызматкерлери сүйлөшүп, сот тутумундагы Конституциялык палатанын ролу жана орду, соттордун КПга кайрылуу тартибинин өзгөчөлүктөрү, чечим кабыл алуудагы укуктук принциптер, ошондой эле, КП актылары жана аларды аткаруу тууралуу айтып беришти.

Мектептин тажрыйбалык бөлүгүндө катышуучулар КПга кайрылууларды туура түзүүгө, кеңири жайылган каталарды эске алууга үйрөнүштү.

Эскерте кетсек, Конституциялык палата тарабынан конституционализм мектептери 2014-жылдан бери соттор, ченем чыгаруучу органдардын өкүлдөрү, башка мамлекеттик органдар, бейөкмөт уюмдар, ЖМКлар, илимий чөйрө жана жактоочулар үчүн өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий