• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономикалык мунапыс: Райым Матраимов депозиттик эсепке жалпы 807,3 млн сом которду

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов экономикалык мунапыстын алкагында Каржы министрлигинин депозиттик эсебине 9-декабрга карата жалпы 807,3 млн сом которду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, экономикалык мунапыстын алкагында ачылган депозиттик эсепке 9-декабрга карата жалпы 912,1 млн сом түштү.

"Ал эми кечээ, 8-декабрга карата эсепке жалпы 872,1 млн сом түшсө, анын 773,4 млн сому Матраимов тарабынан которулган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 21-октябрда Садыр Жапаров Кыргызстанда 30 күндүк экономикалык мунапыс жарыяланган.

20-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМК имаратына алынып келинген. Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында Матраимовдун кылмыштуу иш-аракеттеринин жыйынтыгында республикалык бюджетке алдын ала 2 миллиард сомго жакын чыгым келтирилгендиги аныкталган. Ал алгач 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК депозиттик эсебине которгон.

Пикир

Оставить комментарий