• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 322 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 322 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 83 адамдан, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 104, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 41, Жалал-Абад облусунда – 26, Баткен облусунда 18 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 494 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 137, Ош шаарында – 25, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 27, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 51, Баткен облусунда 60 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 2 адам каза болгон: Бишкекте – 1, Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 370 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 128 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 10 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 6, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 996 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 702 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 76 миң 12 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 68 миң 367 киши айыгып чыкса, 1 миң 303 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий