• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда чет элдиктер COVID-19га каршы эмдөөдөн кантип өтө алышат?

COVID - 19 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө алуу үчүн чет элдиктерге эч кандай тоскоолдуктар жок. Узак убакытка чейин биздин өлкөнүн аймагында болгон чет өлкөлүк жарандар кыргызстандыктар менен катар эле эмдөө ала алышат. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы бүт дүйнөнү каптагандыктан, бүгүнкү күндө бардык саламаттык сактоо тутумдары жарандарды эмдөө менен камтууну кеңейтүүгө кызыкдар.

«Эгерде башка мамлекеттин жараны Кыргызстанда узак мезгил жүрсө, анда, албетте, бул жерден эмдөө алышы керек. Бул, мисалы, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин кызматчылары, компаниялардын иш сапарда жүргөн кызматкерлери, студенттер же туристтер. Алар дагы инфекциянын булагы болушу мүмкүн эмеспи. Ошондуктан өзүн жана айланасындагылардын коопсуздугун камсыздап, коронавирус инфекциясына иммунитетти калыптандыруу үчүн вакцина алуу зарыл.

Чет элдик жарандар жамаат менен, ошондой эле өз алдынча дагы эмделишүүдө. Алар мында вакцинанын эки дозасын ала алышат, бирөөнү – биздин өлкөдөн, ал эми экинчисин мекенине кайтып барганда алса да болот», - деди Акматова.

Чет өлкөлүк жарандар COVID-19га каршы учурда бар болгон вакцинанын ичинен каалаганын бардык – убактылуу жана туруктуу эмдөө пункттарынан акысыз ала алышат. Эмдөөдөн өтүүнүн жол-жобосу КР жарандары үчүн кабыл алынган сыяктуу эле:

— жаран паспортун көрсөтөт

— маалымдалган макулдук формасын толтурат

— эмдөө пунктундагы дарыгерлер тобунан кеңеш алат. Кан басымы, дене табы, жүрөктүн кагышы өлчөнөт

— эмдөөдөн өткөндөр жөнүндө маалымат базага киргизилет

— вакцина алат

— күтүү залында 30 мүнөт отуруп, саламаттыгына көзөмөлдөн өтөт

— бейджик жана вакцинага мүмкүн болуучу реакциялар (өзгөчө жана адаттан тыш) жөнүндө эскертме алат.

КР жарандары сыяктуу эле чет өлкөлүк жарандарды эмдөө тууралуу маалыматтар дагы эмделген адамдардын реестрине киргизилет, ал сайтында жеткиликтүү.

Чет элдик жарандар онлайн база аркылуу эмдөө тууралуу сертификатты өз мекенинде жүрүп да чыгара алышат.

«Эмдөө алгандардын реестринен чет элдик жарандарды тандап алууга болот. Мындай маалыматтар жалпы колдонуу үчүн күнүмдүк статистикада жарыяланбайт, анткени биз үчүн ириде эмдөөдөн өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны маанилүү, - дейт коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы. Бирок чет элдиктер кыргызстандыктар менен бирдей эле каттоого алынат».

Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин алкагында башка өлкөлөрдүн ортосунда маалымат алмашуу жүрөт. Ошондой эле Кыргызстандагы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу бардык маалыматтар күн сайын ДССУга жөнөтүлүп турат.

«Биздин эмдөө сертификатыбыз дүйнө жүзү боюнча таанылат. QR-кодун колдонуп, анын аныктыгын текшерүүгө болот. Мисалы, КР жарандары Россияга жумушка орношкондо биздин сертификатты да көрсөтсө болот. Жана алар ошол жерден эмдөө алса да болот. Сертификаттардын аныктыгы азыр ар дайым ырасталышы керек. Бирок КМШ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлеринин акыркы жыйынында сертификаттарды расмий түрдө өз ара таануу маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле бир жолу ушундай чечим кабыл алуу зарыл деп эсептейбиз», - деп белгилейт Айнура Акматова.

Учурда бардык ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр кат жүзүндө макулдук беришүүдө. 15-февралда сертификаттарды өз ара таануу маселеси боюнча кезектеги бекитүүчү жыйын өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий