• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каратаев: Карантиндин максаты - байланыштардын санын азайтуу

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Карантиндин максаты - байланыштардын санын азайтуу. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Түз эфирде Мадамин Каратаевге "Оштун кире беришиндеги посттордо жарандар кандай текшерүүдөн өтүүдө?" деген суроо берилген.

Каратаевдин айтымында, жарандар учурдагы абалды түшүнүп үйдө отурганы оң.

"Карантиндин негизги максаты - байланыштардын санын төмөндөтүү болуп эсептелинет. Ошко келе тургандардын жанында маалымкаты болушу керек. Ал маалымкат ПЧР тест-системасынын текшерүүсүнөн өткөн жана таза деп көрсөтүлүшү керек. Кандай максатта келгени такталат. Негизинен ушулар каралат", - дейт ал.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкерлери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий