• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

23-март. Республикалык штабдын саат 19:00гө карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 23-марты саат 19:00гө карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 16 кишини түзөт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар: 7 эркек, 9 аял. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын арасынан Жалал-Абад облусунда дарыланып жаткан эки адамдын абалы орточо оор деп аныкталган. Ал эми калган бейтаптардын абалдары канааттандырарлык. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинине алынды.

• Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештерине шайлоо республика аймагына өзгөчө кырдаал режими киргендигине байланыштуу жылдырылды;

• Улуттук банк коммерциялык банктардын жана банктык эмес каржы-насыялык уюмдардын ишмердүүлүгө карата убактылуу талаптар киргизди;

• Насыя келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү кошууга жана алууга тыюу салынат;

• Насыялык келишимдерде каралган милдеттерди аткарбоого/тийиштүү эмес аткарууга карыз алуучуга айыптык санкцияларды, анын ичинде үстөк айыптарды (айып пул/пеня) салууга жана алууга тыюу салынат;

• Берилген насыялардын төлөмдөрү боюнча, кеминде үч айга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталат.

Ипотекалык насыялар боюнча маселе алдыда дагы каралат.

• Салык төлөмдөрүн жылдыруу боюнча;
1. Салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат;

2. Салык текшерүүлөрүн жүргүзүү токтотулду;

3. электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.

• Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилет;

http://virus.el.kg/. аталышындагы кыргыз тилдүү сайт иштеп баштады. Анда дүйнө жүзү жана Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккан адамдардын, айыккандардын жана вирустан каза болгондордун саны тууралуу онлайн режимде маалымат алса болот.

• Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттен бөлүнгөн каражаттар:

- Саламаттык сактоо министрлигине – 30 млн сом;

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ӨКМдин атайын эсеби – 225 млн сом;

- азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого (ММРФ) (азык-түлүк буудайын сатып алууга) – 631 млн сом;

- Ун тартуучу ишканаларды жеӊилдиктер менен насыялоого бюджеттен каражаттар бөлүндү – 400 млн сом (ошондой эле “Айыл банк” жана РСК банк 400 млн сом бөлдү). Бардыгы 800 млн сом. Зарылчылык болгондо, Өкмөт дагы кошумча каражаттарды бөлөт.

• Кыргызстандан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Алар:

- Буудай жана меслин
- Буудай уну
- Өсүмдүк майы
- Күрүч
- Макарондун түрлөрү
- Шекер
- Тоок жумурткасы
- Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
- Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
- Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
- Дезинфекциялоочу каражаттар

• Баткен облусунун дарыгерлерине 500 комплект коргонуучу каражаттар (беткап, көз айнек жана костюм) тапшырылды.

• Бүгүндөн тарта Ош шаарына башка райондордон жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр кирзилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий