• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акыркы маалыматтар: 992 адамдан COVID-19 табылып, 6 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда 27-июнга карата коронавирус дагы 992 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 567, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда – 137, Ош облусунда – 42, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 84, Баткен облусунда – 65 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 550 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарынла – 230, Ош шаарында – 57, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 15, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 52, Баткен облусунда – 25 адам", - деп айтылат билдирүүдө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1 жана Жалал-Абад облусунда эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 995 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 357 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 33 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Сутка ичинде стационардан 5, үй карантининен 5 медкызматкр чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 300 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 840 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 120 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 108 миң 465 киши айыгып чыкса, 1 миң 977 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий