• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка чакырылды

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) суракка чакырылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Финполдон билдиришти.

Буга чейин эртең менен экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова да сурак берүүгө чакырылган.

Эскерте кетсек, Финансы полициясы пандемияга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишин козгогон. Козголгон иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Боронов, экс-вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, экс-саламаттык сактоо министрлер Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралууда.

Пикир

Оставить комментарий