• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эксперттер, саясат таануучулар КСДПнын тандоосу тууралуу

Саясат 0

15-июлда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 16-съездге чогулуп, президенттик шайлоого премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин бир добуштан жылдырды. Партиянын бул чечими тууралуу өлкөдөгү белгилүү саясат таануучулардын, эксперттердин пикирине орун беребиз.

Бакыт БАКЕТАЕВ, саясат таануучу:

- Бул курултайга мен да катыштым. Анда ага катышкан делегаттар эле эмес, конок катары баргандар да Сооронбай Жээнбеков боюнча партиянын чечимин колдоду. КСДПнын бул съездин жалпы кыргыз эли күтүп жаткан. Буга чейин ар кандай ойлор айтылды, 2 талапкер сунуш кылат деген кептер чыкты. Бирок, партия саясый туруктуулугун көрсөттү, бирдиктүү талапкер менен чыкмай болду.

Президент Алмазбек Атамбаев “бөлүнгөндү бөрү жейт” деген сѳздү дайыма айтып келет. Эң башкысы, КСДП бөлүнбөй бирдиктүү чечимге келди. Ыдырап, чачылып жаткан партияларды да көрүп жатабыз. Бийликтеги бул партия болсо биримдиктүү экенин көрсөтө алды.

Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:

- Азыр президенттик шайлоого акылы бары да, эси жогу да, уяттуусу да, уятсызы да катышып жатат. Казакстанда буга чек коюп койду. Бизге да ушундай мыйзам керек болуп турат. Маданияттын төмөндүгүнөн ууру, бандиттердин баары ажо болууга аттанууда. Бул такыр туура эмес.

Ал эми КСДПнын Сооронбай Жээнбеков боюнча чечимине эл баасын берет. Ал бардык кызматтарда иштеген, тажрыйбасы бар кадр. Өкмөт башчылык кызматты татыктуу аткарып жатат дегендей. Анын үстүнө ата-энеси, туугандары, теги да жакшы экен. Элибиз колдосо президент болот.

Марат КАЗАКПАЕВ, кѳзкарандысыз эксперт:

- КСДПнын бул чечими туура болду. Буга чейин эле элибиз КСДПнын курултайынын жыйынтыгын алдын ала туюп, анда Сооронбай Жээнбековдун көрсөтүлүшүнө ишенип жаткан. Анткени, 17-майда партиянын саясый кеңеши ушундай чечим кабыл алган.

Негизи Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы катары жакшы иштеп жатат. Бардык тармактарда өсүү бар. Кризиске жол бербеди, иш алдыга жүрүп жатат дегендей. Ал эми шайлоо тууралуу айтсак, С.Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү жогору.

Чынара ЭСЕНГУЛ, кѳзкарандысыз эксперт:

- Бүгүнкү КСДПнын сьездиндеги президенттике талапкер Сооронбай Жээнбеков тууралуу делегаттардын кабыл алган чечими партиянын бирдиктүү позициясы бар экенин билдирет. Баардык партиялаштар бир талапкерге токтолушу абдан жакшы жөрөлгө. Анткени, буга чейин дал ушул КСДП боюнча ар кандай сөздөр айтылып келбедиби. Андай сөздөрдүн баары сьездде тѳгүндѳлүп, 100 пайыз так, бирдиктүү түрдө чечилгени жакшы нерсе да.

Негизи 6 жылдан бери КСДП бийликтеги негизги партия болуп, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн коалицияда дагы чоң ролду ойногондуктан буга чейинки баштаган реформаларын, баштаган иштерин мындан ары да аягына чыгарганга КСДПнын шанстары күчтүү эле. Ушул эле Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп иштеген инсан катары иштин мазмунун билип, кандайдыр бир эң негизги көйгөйлөрдү түшүнүп, көзү жетип турат деп ойлойм. Андыктан, мындан аркы саясатты улантып, А.Атамбаевдин баштаган иштерин аягына чыгарганга Жээнбековдун талапкерлиги колдоо табышы жакшы эле жөрөлгө.

Албетте, шайлоодо ким жеңип, кимдин добуш алышы азырынча белгисиз. КСДПнын бирдиктүү талапкерин делегаттар менен бир добуштан колдогону калың элге да кандайдыр бир деңгээлде белги берди десек болчудай.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий