• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө «Өрүк-fest 2017» фестивалы өтөт

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Лира Абакирова - Кабар/. Жети-Өгүздөгү Барскоон айылында 22-июлда «Орук-fest 2017» аталышындагы өрүк фестивалы өтөт.

Иш чаранын алкагында жарманке, мастер-класс, оюндар, көргөзмө жана сынактар орун алат. Мындан тышкары эстрада жылдыздарынан чакан концерттик программа тартууланат.

«Орук-fest 2016» фестивалы өткөн жылы Тосор айылында уюштурулуп, быйыл эстафета Барскоон айылына өткөн.

Анда дыйкандар өрүктөн жасалган джем, куйкум, сок, компот, торт жана башка татууларды алып келишет. Мындан тышкары табигый косметиканын топтому-самын, бет май, скраб, шампунь жана башкалар. Ошондой эле, Жети-Өгүздө даярдалган сүт азыктары көргөзмөгө коюлат.

Фестивалдын максаты айылдар арасында ынтымакты арттыруу жана продукцияларды жайылтуу менен ички инвесторлорду тартуу болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий