• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бала бакчалар карантиндик режим толук алынып, эпидемиологиялык абал жакшырганда ачылат - Исаков

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бала бакчалар карантиндик режим толук алынып, эпидемиологиялык абал жакшырганда ачылат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалардын ачылышы боюнча азыр абдан көп суроолор келип түшүүдө. “Биз бул боюнча ыкчам иштеп жатабыз. Өлкөдө киргизилген режимдер толук алынып, эпидемиологиялык абал жакшырганда бала бакчаларды ачуу мөөнөтүн карайбыз. Албетте, бул 1-июлдан кийин болот деп ойлойм. Эгерде буга чейин ачууга мүмкүнчүлүк болуп кала турган болсо, анда биз өтө зарыл болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан атайын группаларды түзүү боюнча мүмкүнчүлүтөрдү карап, республикадагы бардык шарттын, абалдын мүмкүнчүлүгүнө жараша бул маселе чечилет ”,- деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Пикир

Оставить комментарий