• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы жол кырсыгынан каза болду

Коом 0


Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүм начальниги, милициянын майору Улукбек Балагазыев жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Улукбек Балагазыев 19-июлда кечинде Ысык-Көл облусунда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, ИИМдин Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы кесиптешинин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

Кесиптештеринин эсинде Улукбек жоопкерчиликтүү, абийирдүү жана ак көңүл кызматкер, мыкты үй-бүлө башчысы катары эсибизде кала берет. 16-октябрда ал 36 жашка чыкмак.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Улукбек Балагазыевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Анын артында жубайы жана эки баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий