• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

CAFA Women’s Championship мелдешинде Кыргызстан коло байге утту

Спорт 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер арасында футбол боюнча курамасы CAFA Women’s Championship эл аралык мелдешинде коло байгеге татыды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Коло үчүн беттеште Кыргызстан Тажикстандын курамасын 1:0 эсебинде жеңип алды. Алтын медаль үчүн болгон күрөштө Өзбекстандын командасы Ирандан (1:0) күчтүү болуп чыкты.

Жыйынтыгында Өзбекстан 12 упай топтоп биринчи, Иран 9 упайы менен экинчи, ал эми Кыргызстандын курамасы 4 упай алып, үчүнчү орунга илинди.

Мындан сырткары, Ирандын курамасына мелдештин Fair play сыйлыгы, Түркмөнстандын командасына Special Award сыйлыгы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий