• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык спортчулар сурдо-футзал боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо-футзал боюнча курама командасы Иранда өтө турган усуусу начар жана дүлөйлөр арасындагы Азия жана Океаниянын 4-чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдеш 29-апрелден 10-майга чейин Тегеран шаарында болот.

Курума команданын тизмеси:

1. Усман Айсаров;
2. Арстанбек Турдаалы уулу;
3. Абасов А;
4. Семетей Тажимырзаев;
5. Эдиль Жумашев;
6. Мирлан Чокоев;
7. Нурдин Касимов;
8. Фархад Отунчиев;
9. Аскарбек Мотуев;
10. Саматбек Медилов.

Сурдо-футзал боюнча курама команда машыктыруучу Сыргак Болпоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий