• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ленин округунан депутатты шайлоо. Талапкерлердин саны бешке жетти

Коом 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:

- Эркин Булекбаев;
- Максат Кунакунов;
- Марат Арзыкулов;
- Актилек Нурланбеков;
- Мирлан Камбаров.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий