• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутаттар “Алтынкен” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Чүй облусунун Орловка шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, депутаттар “Алтынкен” ЖЧКсынын башкы директору Вэнь Яфэнь жана анын орун басары Каныбек Дыйкановдун коштоосунда алтын бөлүп алуу фабрикасынын негизги өндүрүштүк бөлүмдөрү, диспетчердик пункттун иши, калдык сактоочу жайдын абалы, суунун сапатына онлайн режимде мониторинг жүргүзүү системасы менен таанышты.

Андан соң, төрага Азизбек Турсунбаев жетектеген тармактык комитет ишкананын жыйындар залында “Алтынкен” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча отчетторун укту. Тагырагы, жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Вэнь Яфен алтынды бөлүп алуу фабрикасы жана Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү маселелри тууралуу сөз кылып, ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор жөнүндө да айтып берди. Жетекчинин айтымында, компания Кемин районунун өнүктүрүү фондуна белгиленген төлөмдөрдү чегерип турат.

Алсак, “Алтынкен” ЖЧКсы 12 башкармалыктан жана 965 кызматкерден турат. Анын 898и жергиликтүү, 67си чет элдик адистер. Анткени, аталган компания кенди чалгындоо, казып алуу, байытуу жана эритүү, аны кайра иштетүү жана сатуу жаатында иш алып барган эл аралык кытай-кыргыз биргелешкен өндүрүштүк мекеме болуп эсептелет. “Алтынкен” 2006-жылдын 5-апрелинде түзүлгөн жана Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан. Кыргызстандык жана кытайлык акционерлердин үлүшү 40 жана 60%ды түзөт.

Талкуу маалында комитеттин мүчөлөрү жер казынасын пайдалануу, экология жана техникалык көзөмөл жаатындагы маселелерди көтөрүштү. Айрыкча депутаттар экологиялык жана өндүрүштүк коопсуздук маселелерине көңүл буруп, экологиялык мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий