• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук илимдер академиясынын президентин шайлоо жол-жоболору менен тартиби кайрадан такталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 4-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште Улуттук илимдер академиясынын ишин жакшыртууга багытталган “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип чыкты. Ошондон улам, анын иш-милдеттери жана милдеттери беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси сунушталууда.

Мисалы, мыйзам долбоору аркылуу КР Өкмөтүн КР Улуттук илимдер академиясынын түзүүчүсү катары саноо сунушталууда. Мындай түзөтүүлөр мамлекеттик акча каражаттарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтөт жана илимий ишмердүүлүккө мамлекеттен каржы бөлүүдө, бул чөйрөдө коррупциянын тамыр жаюусуна көмөкчү боло турган жагдайларды четтеттүүгө шарт түзөт.

Андан тышкары, УИАнын президенти 70 жаш курактан жогору эмес анык мүчөлөрдүн жана корреспондент-мүчөлөрдүн арасынан жашыруун добуш берүү менен, 4 жылдык мөөнөткө атаандаштык негизде шайланып, ал талапкер КР Премьер-министри тарабынан бекитилет жана бошотулат. Бир эле адам УИА президентинин кызматына катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.

Талкуу жүрүшүндө депутат Осмонбек Артыкбаев УИА президентинин жаш курагынын чегин чектебөө, аны академиктердин арасынан гана шайлоо зарылдыгын белгиледи. Мындай сунушту депутат Кубанычбек Жумалиев да колдоп, УИАда илимий ачылыштар, келечектүү иштер жасалганы менен, аларды колдонуу жагы аксап жатканын, аны Өкмөт менен биргелешип чечүү керектигин айтты.

Депутат Садык Шер-Нияз академиктер шайлаган адамдын Премьер-министр тарабынан бекитилишине каршылыгын билдирди. Анын пикиринде, УИА илимий тармак болгондуктан, өз жетекчисин өздөрү чечиши зарыл.

Ал эми УИА вице-президенти Абдылдажан Акматалиев эгерде илимий чөйрөдө кайра курумдарды жүрүзүп, айрым көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечилүүсүн кааласак, президентикке академик шайланышы керектигин белгилеп, эгерде президенттикке корреспондент-мүчөлөрдөн шайланып калса, бир топ тоскоолдуктарга кабылып, маселенин чечилиши кыйындай турганын кошумчалады.

Экинчи окуу жүрүшүндө депутаттардан кошумча сунуштар келип түшкөндүктөн, мыйзам долбоору тармактык комитеттин кароосуна экинчи окуу жүрүшүндө кайра кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий