• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку Кеңеш ММК фондунун бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун II, III окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-жылга жана 2024-2025- жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Депутаттардын суроолоруна саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жооп берди.

Мыйзам долбоорлорун талкуулоо учурунда депутат Сүйүнбек Өмүрзаков милдеттүү медициналык камсыздандыруу (МКК) жаатындагы маселелерге көңүл буруп, калк арасында МКК полистерин алуу зарылчылыгы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова ооруканаларда пенсионерлер дары-дармекти эле эмес, медициналык буюмдарды да сатып алууга аргасыз болуп жатканына көңүл бурду. Муну менен катар ал “Жаш дарыгердин депозити” программасын кайра улантууну сунуштады. Буга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов стационарларда баары бекер болушу керектигин айтты.

Депутат Алишер Эрбаев чет элдик жарандарга медициналык камсыздандыруу системасын киргизүү маселесин кароону сунуштаса, эл өкүлү Талайбек Масабиров медициналык мекемелердин кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу максатында медициналык кагаздарды санариптештирүү боюнча иштерди тездетүү керектигин белгиледи.

Өз кезегинде Гүлшаркан Култаева медициналык кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү абалына жана жан башына каржылоо көлөмүнө кылдат талдоо жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, көптөгөн жарандар медициналык мекемелерге кайрылбай жатканын айтты. “Акча бөлүнүп жатат, бирок төлөө принциптерин дагы өзгөртүшүңөр керек”, - деди.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов ооруканалардагы кенже жана техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий