• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык Кувейт университетинде студенттердин ортосунда интеллектуалдык оюн өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Эл аралык Кувейт университетинде жогорку окуу жайларынын студенттери арасында “Батыш менен Чыгыштын өз ара мамилеси жаштардын көзү менен” интеллектуалдык оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, сынакка Кыргызстан эл аралык университетинин, Кыргыз-Россия-Славян университетинин жана аталган лкуу жайдын студенттери катышты.

Эл аралык жогорку окуу жайларынын студенттери “Саясий окуулардын тарыхы” сабагын, дүйнө мамлекеттеринин гимнин, эл аралык уюмдардын таржымалын жана көрүнүктүү саясий ишмерлердин учкул сөздөрүн билүү боюнча алган билимин сынашты.

Оюндардын жыйынтыгында биринчи орунду КРСУнун командасы, экинчи орунду ЭКУ жана үчүнчү орунду КЭУ командасы ээледи.

Интеллектуалдык оюндардын катышуучулары чакан белектерди алып, оюндун жүрүшүндө курдаштары менен таанышып, пикир алмашышты.

Оюн аяктагандан кийин КРСУ жана КЭУ студенттери үчүн университетти кыдыртып, атайын экскурция уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий