• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 304 адам COVID-19га каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 304 адам эмделди. Бул тууралуу агенттикке Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада жалпы 112 адам эмделген.

Бишкекте – 127 адам, Ошто – 123 адам, Чүй облусунда – 54 адам эмдөөдөн өткөн.

Эскерте кетсек, биринчи этапта «SinoPharm» кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылды.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылды.

Ошондой эле Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылат.

Белгиленгендей, биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары, мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.

Пикир

Оставить комментарий