• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл артисти Асанкул Осмоновдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актеру Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты мнистринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу, театр жана кино жаатында эмгектенген инсандар, күйөрмандары, жакындары келишти. Алар актердун талантын, журүм-турумун, адамкерчилигин, сымбаттуулугун, айкөл, жөнөкөй мүнөзүн дегеле өрнөктүү өмүрүн айтып өтүштү.

Асанкул Осмоновдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Эске сала кетсек, Асанкул Осмонов ушул жылдын 26-мартында 88 жашында дүйнө салды.

Асанкул Осмонов 1935-жылдын 1-мартында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган.

Ал 1954-жылы Каракол айыл чарба техникумун бүтүргөндөн кийин Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо эсепчи болуп эмгектенген.

Киевдеги авиациялык техникумду бүтүрүп, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндө 4- разряддагы авиамеханик болуп иштеген.

1958- жылы Кыргыз академиялык драма театрына актёрлукка кабыл алынып, ошол эле жылы Москвада өткөн Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү декадасына катышкан.

Табиятынан таланттуу, керилген келбеттүү Асанкул Осмонов бир катар белгилүү драмаларда мыкты ролдорду жараткан. Тактап айтканда, “Айкөл Манаста” Кошой, “Курманжан Даткада” Алымбек Датка, “Манастын уулу Семетейде” Бакай сындуу башкы ролдорду жараткан.

Мындан сырткары, А. Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөнүндө” Чокан Валихановдун, Т. Абдумомуновдун “Абийир кечирбейтинде” Шамендин, Ч. Айтматовдун “Биринчи мугалиминде” Дүйшөндүн, “Кош бол, Гүлсарысында” Кашкатаевдин, Ж. Садыковдун “Жукеев-Пудовкин”, “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмаларында Игорь, Кошой, Бакай, Семетейдин, М. Байжиевдин “Ар бир үйдө майрамында” Дайыр Мусаевичтин, М. Каримдин “Ай тутулган түнүндө” Рыскулдун, К. Мамбетакуновдун “Омар Хайямдын махабатында” Шахтын, Ж. Мамытовдун “Курманжан Даткасында” Кудаярхандын, Ш. Садыбакасовдун “Ак боз атында” Шырдакбектин, Т. Касымбековдун “Токтогулунда” Ниязалынын, У. Шекспирдин “Ричард III”, “Король Лир”, “Отелло” драмаларында Король Эдуард, Король Франц, Людовиктин жана Н. Гоголдун “Өлүү жандарында” Маниловдун ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган.

Асанкул Осмонов театрдагы ишмердигинен сырткары киного да, анын ичинде "Биринчи" (1984), "Дилетант" (1987), "Төрөлүш үчүн өлүм" (1988), "Талаада атылган ок" (1990), "Белгисиз маршрут" (2008) сыяктуу тасмаларда ролдорду жараткан.

Театр жана кино жаатындагы үзгүлтүксүз эмгеги жана орошон таланты мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий