• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл күтүп жаткан үй салууга жер тилкесин трансформациялоо маселесин чечип беришибиз керек - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында эл күтүп жаткан мыйзамдар боюнча КР Өкмөтүнө тапшырмалар айтылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Аида Салянова тилекке каршы, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзамга КР Президенти тарабынан вето коюлгандыгын маалымдады. Эл өкүлүнүн пикиринде, аталган мыйзам боюнча корутунду даярдаган адистер өлкө башчысына жакшылык каалашпайт. А.Салянова 5-чакырылыштагы жан 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамдардын сандык маалыматына токтолуп, бир эле Салык кодексине киргизилген түзөтүүлөр боюнча сөз козгоп, киргизилген түзөтүүлөргө тыкыр талдоо жүргүзүү керектигине кесиптештерин чакырды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош облусунун Ноокат районундагы 28 кмди ээлеп турган, Өзбекстан менен чектешкен Каримберди айылындагы ичүүчү суунун жоктугу башкы көйгөй экендигин Өкмөткө багыттады. Бул аймакка таза суу жеткирүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилгени менен тиешелүү иш-чаралар абдан жай жүрүүдө. Аталган айылдын тургундарынын дагы бир маселеси – турак жай үчүн жер тилкесин трансформациялоо. “Чек арага танапташ айылда – бул маанилүү аймакта элдин отурукташып калуусун камсыздоо үчүн жогорудагы көйгөйлөр чечилиши керек”,- дейт эл өкүлү.

Депутат Максат Сабиров индексация боюнча мыйзамды көтөргөнүнө 5 жыл болгонун, ары же бери болбой орто жолдо турганын, ошондой эле эл күтүп жаткан трансформация маселеси дагы туруп калгандыгын тизмектеди. “Эл күтүп жаткан үй салууга жер тилкесин трансформациялоо маселесин чечип беришибиз керек”,- дейт депутат М.Сабиров. Муну менен катар эл өкүлү Жогорку Кеңештин бир катар токтомдору Өкмөт тарабынан аткарылбай жатканын сынга алды. Балыкчы-Кормуду жолу 2 жылдан бери бүтпөй келе жатат, кезектеги “Көчмөндөр оюндарына” чейин бүтөбү деген суроону Өкмөткө узатты.

Жер тилкесин үй куруу үчүн рансформациялоо маселесине депутат Автандил Кулбараков дагы токтолду. Анын маалыматы боюнча Нарын облусунун Жумгал райоундагы Жаңы-Арык айылында үй курууга каралган жерлерге тамдар салынып, эл жашап жатканы менен, бул жерлерди трансформациялоо жүзөгө ашпай келет. Жергиликтүү тургундар чыдамсыздык менен күтүүдө.

Депутат Айнуру Алтыбаева мектептерде окуучулардын ден соолугуна кам көрүү жаатында КР Өкмөтүнө мектеп коопсуздугу боюнча уюштуруусу жана каржылоосу эске алынган комплекстүү маханизм иштеп чыгууну сунуш кылды.

Депутат Закир Шарапов Өзбекстан мамлекети менен сүйлөшүп, Көк-Талаа - Пүлгөн ортосундагы эски жолдо оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө уруксат берүү зарылдыгын өткөн жыйындарда Өкмөткө кайрылган эле. “Жүк ташуу үчүн транзиттик жолду сөзсүз ачуу керек”,- дейт эл өкүлү бул жолу дагы.

Пикир

Оставить комментарий