• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Базарбаев Италиянын ТИМ башчысынын орун басарынын кабыл алуусунда болду

Саясат 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчилеринин Италиянын тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириелли менен жолугушуусу өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, күн мурун Италиянын Тышкы иштер министрлигинде өткөн иш-чарага кыргыз тараптан Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактар аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу, эл аралык уюмдардын жана аймактык платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулоо болду.

Атап айтканда, Тышкы иштер министрлеринин 2024-жылы Римде өтө турган «Италия + Борбордук Азия» форматындагы жолугушуусунун мазмундуу толтуруу маселелери талкууланды. Аталган иш-чара Италиянын «Чоӊ жетиликте» (G7) төрагалыгынын алкагында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий