• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Ибраимов Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Минск шаарында Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрмек Ибраимов Беларустун Улуттук Жыйынынын Республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун, бул аралыкта өлкөлөр ортосунда тыгыз достук жана өнөктөштүк мамилелер түзүлгөнүн белгилешти.

Наталья Кочанова өлкөдө кыргыз-беларусь мамилелерин өнүктүрүүгө, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурарын белгиледи. Бул контекстте тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Беларуска быйылкы жылы расмий сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн парламенттеринин арасында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий