• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Кулубаев Казакстандын Билим берүү жана илим министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Кулубаев Казакстандын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 8-отурумунун Протоколунун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташтыкты активизациялоо маселелер талкууланды.

Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Р.Бигари өз кезегинде, Кыргызстан менен билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташууну интенсификациялоо үчүн казак тарабынын даяр экендигин билдирди, ошондой менен бирге Казакстан Республикасынын билим берүү стипендиялык программалар тууралуу маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий