• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркиядагы Билкент университетинин ректору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 30.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 28-майында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Билкент университетинин ректору Абдуллах Атар менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө окуу жайдын ректору 1986-жылы негизделген жана Түркияда биринчи жеке университет катары белгилүү болгон Билкент университетинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Ал студенттердин, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттердин статистикасын келтирди. Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынан 56 студент билим алган. Учурда Кыргызстандан келген студенттер жок.

Өз кезегинде элчи Өмүралиев билим берүү жаатында, айрыкча инженерия жана технология жаатында адистерди даярдоодо кызматташтыкты орнотууну сунуштады.

Ошондой эле Өмүралиевдин сунушу менен тараптар университеттин имаратында Кыргызстандын тарыхына, маданиятына жана кооз жерлерине арналган, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий